Жеңе институту. Жеңенин үй-бүлөдөгү ролу кандай?

Sputnik
Баарыбызга белгилүү болгондой, кыргыздарда коомду түптөөдө, бекемдөөдө бир канча институттар иштейт. Бул бир аз айырмачылык менен ар улутта бар. Мисалы, орто чыгыш өлкөлөрүндө коомдук институт күчтүү болгондуктан эркектердин көчөдө мас болуп жүрүшү мүмкүн эмес. Эгерде кайсы бир киши мас болуп калса, аны коом өзү шариаттан, мыйзамдан мурда эле туура эмес иш жасаганын сездирип коет. Мына ошол сыяктуу жеңе дагы үй-бүлөдөгү ар кандай жоопкерчиликтерге ээ болуп, өзгөчө тажрыйбага ээ. Башкача айтканда айтканда, туруктуулукту, биримдикти сактап, үй-бүлөнүн бүтүндүгүнө жардам берет.
Жеңенин кыргыз коомундагы ролу тууралуу “Көз мончок” берүүсүнөн тыңдаңыздар.