Эндоваскулярдык хирургия (рентген хирургия) – заманбап ыкмаларды колдонуу менен бычаксыз операция жасоо. Мында, сырттан чоң операциялар жасалбай, катетерлер аркылуу кан тамырларга кирип, ар кандай дарылоолор жүргүзүлөт. Ал үчүн кичинекей тешикчелер колдонулат. Мисалы, териге же кан тамырларына кирүү менен боор, бөйрөк, мээдеги дарттарга операция жасалат. Ошондой эле маткадагы миоманы дарылоодо матканы кеспестен аны сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул ыкма менен жасалган операциядан кийин бейтаптын калыбына келиши тез болот. Операциянын узактыгы 40-60 мүнөт гана болорун Руслан Шаршебаев “Ачык кеп” программасында айтып берди.