Бишкектин тургундары жана коноктору жакшы көргөн эс алуу жайлардын бири бул “Ала-Aрча” мамлекеттик жаратылыш паркы. Ал уникалдуу табияты жана борбор калаага жакындыгы менен өзгөчө. Соңку убакта жаратылыш паркынын керемет табиятына шайкеш, жеткиликтүү шарт түзүү аракети көрүлүп келет. Алардын айрымдарына токтолсок, асма жол, электромобиль, ири унаа бекетин мисал келтирсек болот.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында “Ала-Aрчадагы” абал жана ал жерде аткарылып жаткан иштер тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга “Ала-Aрча” мамлекеттик жаратылыш паркынын директорунун орун басары Кубанычбек Жекшенбеков жооп берди.