ЕАЭБде айыл чарба жаныбарларына геномдук селекция киргизилет — бул асыл тукум мал чарбасын жакшыртабы?

Sputnik
Айыл чарба жаныбарларына геномдук баа берүү эң негизги иш-чара болуп саналат. Анткени мал чарбасында алдын ала туула турган жандыкты аныктоо үчүн геномдук баалоо жүргүзүлөт. Башкача айтканда, букага же кочкорго изилдөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында жасалма урук алынат. Өлкөдө бүгүнкү күндө 80 миңден ашык мал жасалма жол менен уруктандырылды. Фермелерге геномдук баалоодон өткөн букалардын тондурулган уруктары менен гана куудуру сунушталат. Анткени геномдук лабораториялардын жыйынтыгы менен атайын сертификат берилип, анда урук боюнча бардык маалымат жазылгандыктан кепилдик болот. ЕАЭБде мал чарбасын кыска мөөнөттө жакшыртуу үчүн геномдук баа берүү киргизилгени жатканын Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров айтып берди.