Статком: Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар айлантуусу 8,5%га өстү

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар айлантуусу 8,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул — былтыркы көрсөткүч, салыштыруу мурдагы жылкыга карата жүргүзүлгөн.
Өткөн жылы товар жүгүртүү беш миллиард долларды түзгөн. Анын ичинен болжол менен 71,2 пайызы Россияга, 26,8 пайызы Казакстанга туура келген.
РКӨФ: Ошто 1,5-2 тонна кондитердик продукция чыгарган ири фабрика курулат