БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп кызыгуусун билдирип жаткан Украинанын сейрек кездешүүчү металлдары канчалык кирешелүү? Sputnik Ближнее зарубежье талдоо жүргүзүп, графика жарыялады.
SecDev аналитиктери Украинанын запасын 15 триллион долларга баалоодо, бирок мунун 70 пайызы Донбасста жана Днепропетровск облусунун аймагында жайгашкан.
© Sputnik_Infographics
Россиянын көзөмөлүнө 12,4 триллион долларга бааланган кен байлыктардын запасы бар жерлер алынган:
көмүр кенинин 60 пайызы;
нефть — 11 пайызы;
жаратылыш газы — 20 пайызы;
кара металл — 42 пайызы;
сейрек кездешүүчү жана литий башында турган маанилүү минералдар — 33 пайызы.
Россиядагы "Геолэкспертиза" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору, геологиялык-минералогиялык илимдердин кандидаты Сергей Якуцени инвесторлор үчүн Украина чоң кызыгуу жарата албайт деген пикирде.
"Азыркы кырдаалда Украинада литий, титан жана сейрек кездешүүчү элементтерди казуу иштерине инвесторлорду тартуу оңой болот деп айта албайм. Ушу тапта баарыбыз ресурстар ашкере бааланып, бул маалымат кайсы бир максат үчүн жайылтылып жатканына күбө болуудабыз. Көп жылдан берки тажрыйба", — деди адис.
Эскерте кетсек, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп февралдын башында АКШ Украинадан көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген.
Өз кезегинде Financial Times гезити Зеленскийге жакын адамдын берген маалыматына таянуу менен Киев жардам, колдоо үчүн АКШга сейрек кездешүүчү металлдарды жөнөтүүгө уруксат бергенин жазган.