БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Канаданы коргонууга жетишсиз акча сарптап жатат деп сындап, "жашоого ылайыгы жок" өлкө катары баалады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Канада турмушка ыңгайлашпай калган өлкө болгондуктан АКШ аларга дайыма камкордук көрөт деген ой менен коргонууга акчаны жетишсиз жумшап жатат", — деген ал журналисттерге.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти Трамп Канада, Мексика жана Кытай мамлекеттеринен импорттолгон товарларга бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койгон. Анда Мексика менен Канаданын импорттук товарларына 25 пайыздык, Кытайдын товарларына 10 пайыздык бажы салыгы каралган.
Өлкө башчы Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн айткан.
Кийин Трамп Канада менен Мексиканын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин бажы салыгын киргизүү процессин бир айга токтоткон.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бизнес жана профсоюздар менен жабык жолугушуу башталар алдында АКШнын президенти Дональд Трамптын айрым өлкөлөрдү Кошмо Штаттарга кошуу тууралуу айткандарын олуттуу коркунуч катары караш керектигин моюндаган. Анын пикиринде, муну менен америкалык лидер ресурстарды алууну көздөөдө.
Буга чейин Трамп NBC телеканалына маек куруп жатып, Канада менен Мексикага Американын курамына кирип жаңы штат болууну сунуштаган.