MCN Coin криптовалютасына алданган 898 кишиге 1,7 млн. доллар кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. MCN Coin криптовалютасына алданган адамдардын 898ине 1 миллион 700 миң доллардан ашык акча кайтарылды. Бул туурасында ИИМдин өкүлү Данияр Закиров "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
"ИИМ бул боюнча өткөн жылдын сентябрында иш козгогон. Азыр тергөө жүрүп жатат. Материалдар Октябрь жана Биринчи май райондук милициясында каралууда", — деди Закиров.
Буга чейин УКМК MCN Coin криптовалютасынын уюштуруучулары делген эки адамды 5-апрелге чейин камакка алган. Шектүүлөрдүн бири Исрадин Субанбеков мунун баары алдамчылык экенин, элден алынган акчаны кайтарып бере албай турганын жана жалпы жонунан 2,5 миллион доллар пайда көргөнүн билдирген.
Улуттук банк элдин акчасын шылуундардан коргоо үчүн долбоор иштеп чыкты