Депутат: ышка каршы күрөш үчүн алынган 50 млн. доллар байларга берилет экен

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ыш менен күрөшүү үчүн алынган 50 миллион доллар байларга берилет экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, учурунда келишимдин так максаттары аныкталбаган бойдон депутаттардын колдоосун алган.
"Ыш менен күрөшүү үчүн 50 миллион доллар кредитти колдоп бергенбиз. Ошондо кандай иштер жасалат, кандай чаралар каралган деген суроолорго жооп алынбай калган. Бул боюнча бир аз изилдеп көрдүм. Көрсө, ал каражаттар колунда барларга кетип калат экен. Тескерисинче, ал каражат колунда жок, газга кошула албай жүргөндөргө берилиши керек эле", — деди Маматалиев.
Эл өкүлү алынган карыз элдин, тактап айтканда, келечек муундун мойнуна илинерин эске салды.
"Ышка каршы күрөштүн алкагында ЖЭБге беш миллион долларга электр фильтри коюлса такыр түтүн чыкпай калмак. Кант шыйпыр заводуна аталган фильтр коюлуптур. Аны кичинекей эле жабдык го деп ойлоптурмун. Көрсө, бир чоң бөлмөгө толо турган аппараттар орнотулат экен. Ошол 50 миллион доллар толук корой элек, фильтр коюу маселесин карап чыгыңыздар", — деп Маматалиев өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, абанын сапатын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу максатында өлкө 50 миллион доллар кредит алган.
Жогорку Кеңештин депутаттары ыш менен күрөш чабал жүрүп жатканын сынга алышты