БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ошто 1,5-2 тонна кондитердик продукция чыгарган фабрика курулат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонд аталган фабриканын курулушуна 63 миллион сомдон ашуун каражат бөлөт.
"Фабриканын аянты 1700 чарчы метр. Ал республиканын түштүгүндөгү эң ири фабрикалардын бири болот. 55 адамга жумуш ордун түзүү пландалууда, — деди фонддун төрагасы Артем Новиков.
Ошондой эле аталган долбоорду сентябрда ишке ашыруу мерчемделип жатканын кошумчалады.