БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бүгүн Чүй облусуна караштуу Күн-Туу айылындагы “Көчмөн cити” турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, батирлер мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте тургандарга жана Күн-Туу айыл аймагынын тургундарына берилет.
20 гектар жерди ээлеген комплексте 86 көп кабаттуу үй, үч мектеп, төрт бала бакча, үч унаа токтотуучу жай жана эс алуу зоналары салынат. Үйлөрдүн 27си 24 кабаттуу, калганы 20 кабаттуу болот. Курулуш иштери эки этап менен жүрүп, биринчи этабында 3105, экинчисинде 5605 батир берилмекчи.