Өзгөндө 5,2 млн. сомго Манастын айкели орнотулду

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Өзгөндө 5,2 миллион сомго Манастын 3,6 метрлик эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Анын ачылышына облустун жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышкан.
1 / 3

Өзгөндө 5,2 миллион сомго Манастын 3,6 метрлик эстелиги орнотулду

2 / 3

Анын ачылышына облустун жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышкан

3 / 3

Борбордук аянтка коюлган жаңы эстеликтин бийиктиги 3,65 метрди, туурасы 1,6 метрди түзөт

"Эстелик жайгашкан жерди оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 2,1 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми айкелдин өзүн жезден жасоого Ош облустук өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом каралган", — деп айтылат маалыматта.
Борбордук аянтка коюлган жаңы эстеликтин бийиктиги 3,65 метрди, туурасы 1,6 метрди түзөт.
Муз үстүндө манас айтылды. Көл-Суудагы фестивалдан сүрөттөр