Муз үстүндө манас айтылды. Көл-Суудагы фестивалдан сүрөттөр

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ат-Башыдагы Көл-Суунун жээгинде уникалдуу фестиваль өттү. Бул тууралуу Туризм фондунан кабарлашты.
Иш-чарага Казакстан, Россия жана Европа өлкөлөрүнөн келген туристтер катышты. Аларга бүркүт салуу, шумкар менен аңчылык кылуу, тайган салуу жана жаа атуу оюну көрсөтүлүп, манас айтылган.
1 / 4

Ат-Башыдагы Көл-Суунун жээгинде уникалдуу фестиваль өттү

2 / 4

Бул тууралуу Туризм фондунан кабарлашты

3 / 4

Иш-чарага Казакстан, Россия жана Европа өлкөлөрүнөн келген туристтер катышты

4 / 4

Аларга бүркүт салуу, шумкар менен аңчылык кылуу, тайган салуу жана жаа атуу оюну көрсөтүлүп, манас айтылган

"Фестивалдын катышуучуларына жана конокторуна -30 градустук суук тоскоолдук жарата алган жок. Музыкалык номерлер шаңдуу өтүп, коноктор улуттук тамактардан даам сызышты", — деп айтылат маалыматта.
Фестивалды мындан ары жыл сайын өткөрүү пландалууда.
Министрлик Көл-Суу көлүнө автоунааларды киргизүүгө тыюу салды