Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Путин менен сүйлөшүүнүн шарттарын атап, АКШ да үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ менен ЕБ Украинага коопсуздук кепилдигин бере турган болсо РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Ооба, эгерде менде Америка, Европа бизди таштап салбай колдоп турат жана коопсуздукка кепилдик берет деген ишеним болсо, анда кандай форматта болсо да сүйлөшүүлөргө даяр элем", — деп жооп берген Зеленский британиялык ITV News телеканалына интервью берип жатып Путин менен сүйлөшүүгө даярдыгы боюнча узатылган суроого.
Зеленский аны менен катар эле Украинадагы согуштун 2025-жылы аяктаарына бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айткан. Ал Дональд Трамп чатак тезирээк аякташын каалай турганын белгилеп, аны Евробиримдик менен биргелешип Россияга санкциялар баштаган басымдарын күчөтүүгө чакырган.
Ал арада АКШ тараптан Европанын сөз болуп жаткан коопсуздук кепилдиги туурасында үн катышты. Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц Америка лидеринин аталган согушту бүтүрүү ниети бардыгын жана андан соң коопсуздук кепилдигин Европага артарын айтты.
"Трамп бул кармашты бүтүрүүнү каалайт, андан соң коопсуздук кепилдиги баш-аягы менен европалыктарга жүктөлөт", — деген ал NBC телеканалынын эфиринде сүйлөп жатканда.
Кеңешчи Европада бул аптада АКШнын мамлекеттик катчысы, коргоо министри, вице-президенти чатакты жөнгө салуу жолдору талкууланарын кошумчалады. Анын айтымында, Вашингтон Киев менен жаратылыш ресурстары, анын ичинде мунай заттары, сейрек кездешкен металл кендерине байланышкан маселени сүйлөшүүнү пландап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Путинге билдирбей". НАТО Украина боюнча жашыруун тактикасы бар экенин жар салды