Дарыгерлик бир чети сыймыктуу, ошол эле учурда түйшүгү түмөн кесип. Бир эле учурда тунук акыл, көрөгөчтүк, чыдамкайлык жана терең билимди талап кылат. Анткени дарыгердин ар бир катасы өмүргө тете болушу мүмкүн. “Стимул” программасынын бул жолку коногу дал ушул сыймыктуу жана түйшүктүү кесиптин ээси, Улуттук госпиталдын урологиялык илим изилдөө борборунун дарыгери Нурсултан Мамыралиев. Жаш дарыгер менен кыргыз медицинасынын абалы, дарыгер болгусу келген жаштарды кандай тоскоолдуктар күтүп турганы тууралуу маектештик.