Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Ошто 1,5-2 тонна кондитердик продукция чыгарган ири фабрика курулатТрамп Канаданы "жашоого ыңгайлашпаган" өлкө деп атадыУКМК ырчы Кайрат Примбердиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салдыАлдыда кененирээкЫрчы Кайрат Примбердиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган чара "Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кабыл алынган. "40 жаштагы П.К.Т. аттуу жаран YouTube-каналдардын биринде сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандап алынды", — деп жазылат маалыматта. Атайын кызмат мындай аракеттер мыйзамда 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертти. Буга чейин ырчынын Ормон хан боюнча айтканы коомдо талкуу жараткан. Примбердиев анын сөзү контексттен алынганын билдирип чыккан.
Ошто 1,5-2 тонна кондитердик продукция чыгарган фабрика курулат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, фонд аталган фабриканын курулушуна 63 миллион сомдон ашуун каражат бөлөт."Фабриканын аянты 1700 чарчы метр. Ал республиканын түштүгүндөгү эң ири фабрикалардын бири болот. 55 адамга жумуш ордун түзүү пландалууда, — деди фонддун төрагасы Артем Новиков. Ошондой эле аталган долбоорду сентябрда ишке ашыруу мерчемделип жатканын кошумчалады.
Россияга азырынча АКШдан Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн конкреттүү белгилер келе элек. Бул тууралуу РФтин БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя айтканын РИА Новости жазды. Дипломат Россия америкалык лидер Дональд Трамптын жанан анын администрациясынын Украина боюнча айткандарына тыкыр көз салып жатканын, диалогго ачык экенин белгилеген. "АКШ президенти Трамп менен командасынын айткан-дегенине жакшылап көз салуудабыз. Тең ата жана өз ара сый-урматка негизделген диалогго ачыкпыз. Байланышты жандантуу боюнча эч кандай так сунуш түшө элек. Жаңы администрация украин маселесин жөнгө салуу боюнча позициясын аныктап-тактап алгандан кийин карай баштайбыз. Азырынча ураандар эле жаңырып жатат", — деди Небензя. Өкүл абалды жөнгө салуу боюнча Россиянын позициясы белгилүү экенин, анын баарын РФ президенти Владимир Путин 2024-жылдын июнунда айтканын белгиледи. Небензя ишенимдүү, аткарылууга милдеттендирилген келишим түзүлүп, чырдын түпкү себеби жоюлушу шарт экенине токтолгон. Башкача айтканда, НАТО Чыгышка кеңейүүдөн жана Украинадагы орус тилдүү тургундардын укугун тебелөөдөн баш тартышы кажет.
АКШнын президенти Дональд Трамп Канаданы коргонууга жетишсиз акча сарптап жатат деп сындап, "жашоого ылайыгы жок" өлкө катары баалады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Канада турмушка ыңгайлашпай калган өлкө болгондуктан АКШ аларга дайыма камкордук көрөт деген ой менен коргонууга акчаны жетишсиз жумшап жатат", — деген ал журналисттерге. Эскерте кетсек, АКШнын президенти Трамп Канада, Мексика жана Кытай мамлекеттеринен импорттолгон товарларга бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койгон. Анда Мексика менен Канаданын импорттук товарларына 25 пайыздык, Кытайдын товарларына 10 пайыздык бажы салыгы каралган. Өлкө башчы Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн айткан.