«АгроДиалог 2025» агроөнөр жай форуму өтүп, ар кайсы райондордогу айыл чарбасында үзүрлүү эмгек кылган дыйкан-фермерлер өздөрүнүн жетишкендиктери жана ийгилик сырлары менен бөлүшүп, көп жылдык тажрыйбаларын ортого салып мастер-класстарды өткөрүштү. Форумдун алкагында айыл чарбасындагы өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, кайра иштетүү жана экспорт боюнча кеңири талкуу болуп, дыйкандар менен ишкерлер ойлорун ортого салышты.
Форумдун максаты, агрардык сабаттуулук, жаңы технологиялар тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Турат Идрисов айтып берди.