Улуттук банктын алтын-валюта резерви бир жылда 1,9 млрд. долларга көбөйдү

Алтын куймалары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Улуттук банктын алтын-валюта (эл аралык) резерви бир жылда 1,9 миллиард долларга көбөйдү.
Январдын аягына карата резерв 5 миллиард 191 миллион деп бааланууда. 2023-жылдын апрелинен бери улам өсүп, жаңы рекорд жаратып келе жатат.
Улуттук банк валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасап, ал үчүн алтын-валюта резервди колдонот. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат. Алардын баасы доллар эквивалентинде жарыяланат.
Жүз долларлык купюрасы. Архив
Улуттук банктын резерви 1 млрд. долларга көбөйүп, 4 млрд. доллардан ашты