Ош технологиялык университети өз күчү менен күндөн кубат алуучу 4,5 киловаттык панелдерди орнотту. Аны орнотуу, ширетүү иштеринин баарын биздин студенттер өздөрү жасашты. Бул тууралуу Жанболот Турсунбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып белгиледи.
Анын айтымында, күн панелдеринен алынган электр энергиясы менен лаборатоиядагы жабдыктар, компьютерлер иштеп келет.
"Биздин технологиялык университет — жаратмандардын билим уясы. Балдар өз колу менен күндөн кубат алуучу панелдерди орнотуп чыгышты. 4,5 киловаттык панелдерди окуу жайдын короосуна жайгаштырганбыз. Учурда сегиз түркүккө орнотулган панелдерди түнкүсүн окуу жайдын айланасын жарыктандырууга иштетип, тажрыйба топтоп жатабыз. Биз бул долбоорду Ош шаарына жайылтууга камынуудабыз", — деди Турсунбаев.
Ал ошондой эле окуу жай өзүнө жакын жайгашкан дарыяга чакан ГЭС орнотуп, аны окуу куралы катары да, энергетика өндүрүү үчүн да колдонуп келишерин кошумчалады.