БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Бишкекте12-13-февралда жана 15-февралда кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Талас
Жума ичинде мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаайт. Аптанын башында, тагыраагы, 10-11-февралда күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Бул аймактарда дагы күндүн көзү бузулат. 13-февралда күндүз, 14үнчү жана 15-февралда түнкүсүн асман ачык болот.
Ысык-Көл, Нарын
Облустарда жуманын ортосу, атап айтканда, 12-февралда күндүз жана 13-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Калган күндөрү күн ачык, жолдор тоңголок жана тайгак болот.