БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-13-февралда Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмирликтери) жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышат. Мындан тышкары, саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.
Белгилей кетсек, "Келечектин өкмөттөрүн түзүү" темасына арналган дүйнөлүк өкмөттүк саммитке 30дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары, 80ден ашык эл аралык уюмдар, 100дөн ашык өкмөттүк делегациялар жана 6 миңден ашуун катышуучу, анын ичинде алдыңкы дүйнөлүк эксперттер катышат.
Саммиттин жүрүшүндө глобалдык экономиканы өнүктүрүү, эффективдүү башкаруу, климаттын күн тартиби, түрдүү тармактардагы заманбап трансформациялар талкууланары айтылды.