Ким Чен Ын Украинадагы жаңжалды Батыш атайылап создуктуруп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. КЭДР лидери Ким Чен Ын АКШ жана Батыш өлкөлөрү Украинадагы жаңжалды атайылап создуктуруп жатканын белгиледи. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук телеграф агенттигине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Россияны стратегиялык жактан жеңүүнү көздөө майнапсыз. Ким Чен Ын бир полюстуу дүйнө орнотууну максат кылган АКШ жаңжалдын көмүскө уюштуруучусу экенин белгиледи.
Түндүк Кореянын башчысынын айтымында, "аскердик машинанын артында турган" АКШ Украинанын жаңжалын шарттап, дүйнөгө үстөмдүк орнотуу кыялынан баш тарта элек.
"Ким Чен Ын АКШнын жана Батыш мамлекеттеринин опурталдуу жүрүм-турумуна тынчсыздануусун билдирди. Өлкө башчысы Россияны стратегиялык жактан жеңүүнү көздөөдөн майнап чыкпагандыктан Украинадагы согушту создуктурууга аракет кылып жатышканын белгиледи", — деп жазылган маалыматта.
КЭДР жетекчиси Украинадагы жаңжал 2025-жылы да негизги маселелердин бири бойдон каларын айтып, Москва менен Пхеньяндын кеӊири стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында Россиянын эгемендигин, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоосунда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, былтыр июнда Россиянын президенти Владимир Путин Пхеньянга расмий сапар менен барып, эки өлкөнүн лидерлери жогоруда аталган келишимге кол койгон. Бул келишим ошол жылы ноябрда эки жакта тең ратификацияланган.
Трамп Украина боюнча Путин менен сүйлөшкөнүн кабарлады