Трамп Украина боюнча Путин менен сүйлөшкөнүн кабарлады

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу New York Post гезити жазды.
Маалыматка ылайык, Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылган. Гезит америкалык президенттин жума күнү Air Force One бортунда курган маегине таянганы айтылды.
Бирок ал Путин менен канча жолу байланышканы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.
"Буга үн катпай эле койгонум оң", — деп жооп берген Трамп.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кремль кийинчерээк айтарын кабарлады.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы бардык маселе боюнча тынч отуруп баарлашууга даяр экенин айткан. Трамп да сүйлөшүү ниетин билдирген. АКШ президенти буга чейин да Россия менен Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ал эми Песков Россия менен АКШнын алакасы азырынча ведомстволордун деңгээлинде жүрүп жатканына, акыркы мезгилде байланыш активдешкенине токтолгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова Зеленскийдин 18 жаштагыларды Куралдуу күчтөргө тартуу амалы тууралуу