Статком: Бишкектеги аядар башка аймактагыларга караганда 2-3 эсе аз төрөшөт

Жаңы төрөлгөн балдар төрөт үйүнүн бөлүмүндө уктап жатышат. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкектеги аялдар башка аймактагыларга салыштырмалуу 2-3 эсе аз төрөшөт. Бул тууралуу Статкомдун соңку (2023-жылга карата) маалыматында белгиленген.
Билдирүүгө ылайык, өлкө боюнча төрөт коэффициенти 2,71дин чегинде. Башкача айтканда, 100 аялга 271 төрөт туура келет.
Эң жогорку көрсөткүч Баткен облусунда. Ал жакта бир аялга көрсөткүч 3,63тү түзөт. Андан ары 3,3 коэффициенти менен Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Талас облустары жайгашкан.
Эң төмөнкү көрсөткүч — Бишкектеги келиндердин көрсөткүчү, болгону 1,13тү түзгөн. Ал эми Ош шаарындагы аялдарга 2,3 төрөт туура келет.
Бишкекте көп кабаттагы имарат. Архивдик сүрөт
Элдин турак жай менен камсыз болушу кандай. Статистика