Унаага жүк жүктөп жаткан адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкекте Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу Hyundai Porter машинасын сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-февраль күнү болжол менен саат 22:30дар чамасында болгон.
"Васильев көчөсүнүн 226/Б дарегинде токтоп турган Hyundai Porter унаасына жүк жүктөп жаткан адамдарды Hyundai Sonata автоунаасы келип сүзгөн. Андан эки машинанын ортосуна кыпчылып калган 50 жаштагы киши көз жуумп, Hyundai Porter унаасынын 36 жаштагы айдоочусу жаракат алган. Ал эми Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу 30 жаштагы П.А. кырсык болгон жерден жөө качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Кийин ал парктан эси оогон абалда табылган. Алдын ала маалымат боюнча, өмүрүн кыюуга аракет кылган. Ошондой эле мас болгону кошумчаланды.
Бишкекте сегиз жаштагы кызды жүк ташуучу унаа коюп кетип каза тапты