Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 7-февралда саат 18:50дө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Өзгөн районундагы Ара-Көл айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
2025-жылы "Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы кайтарымсыз акчаны 150 миң сомго көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, министрликте ведомство жетекчиси Равшанбек Сабиров катышкан жыйын өтүп, анда 2025-жылга карата стратегиялык максаттар каралган. "Социалдык келишим” маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы долбоордун экинчи этабы пландаштырылууда, анда социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган", — деп жазылат маалыматта. Министр Равшанбек Сабиров Ысык-Көл жана Ош облустарында 1000 адамга эсептелген заманбап реабилитациялык борборлор куруларын кошумчалаган. Эске салсак, "Социалдык келишим" долбоору бийликтин жакырчылыкты жоюуга багытталган программасы болуп саналат. Анын алкагында аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон бир жолу мамлекеттен акча бөлүнөт. Ал акчаны алгандар чакан бизнес, иш ачышы керек.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдардын түзөтүү абагында жаткан балалуу келиндерге беш керебетти оюнчуктары менен беришти. Бул тууралуу аталган ведомстовонун маалымат кызматы кабарлады.Белектерди Ички иликтөөлөр башкы башкармалыгынын башчысы Элбурс Токтомамбетов жана Тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер боюнча башкармалыктын жетекчиси Нурдин Бердикожоев тапшырган. Жолугушуунун жүрүшүндө алар мекемедеги режимди сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соттолгондорго тез арада үй-бүлөсүнө кайтып барууну каалашты. Ал эми мөөнөтүн өтөп жаткан аялдар белек үчүн ыраазычылык билдиришти. Азыркы тапта мекемеде наристелери менен 5 соттолгон аял бар экени кошумчаланды.
АКШ президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу New York Post гезити жазды. Маалыматка ылайык, Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылган. Гезит америкалык президенттин жума күнү Air Force One бортунда курган маегине таянганы айтылды. Бирок ал Путин менен канча жолу байланышканы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты. "Буга үн катпай эле койгонум оң", — деп жооп берген Трамп. РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кремль кийинчерээк айтарын кабарлады. Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен эки өлкөнүн кызыкчылыгындагы бардык маселе боюнча тынч отуруп баарлашууга даяр экенин айткан. Трамп да сүйлөшүү ниетин билдирген. АКШ президенти буга чейин да Россия менен Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ал эми Песков Россия менен АКШнын алакасы азырынча ведомстволордун деңгээлинде жүрүп жатканына, акыркы мезгилде байланыш активдешкенине токтолгон.