10-февралга карата аба ырайы

10-февралда республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн көп жерине туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында 3…8, Талас чөлкөмүндө 2…7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 8…13 градус жылуу болсо, Нарын жеринде 0…-5 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 6…8, Ош шаарында 11…13 градусту көрсөтөт.
Кар жаайт. Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайы