БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик аракеттерди жүргүзгөндүн ордуна аны менен келишим түзүүгө даяр экенин америкалык New York Post гезитине билдирген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Трамп буга чейин Иранга туруктуулукта өнүгүп-өсүүгө мүмкүндүк берген "верификацияланган" өзөктүк тынчтык келишимин түзүүнү каалай турганын айтып, бул иштерди кечиктирбей баштоого чакырган.
"Мен Иран менен өзөктүк эмес келишим түзүүнү кааламакмын. Бомбалоонун ордуна эпке келүүгө ыктамакмын... Мен аларга келишим түзөм деп айтмакмын", – деген Трамп.
Ошол эле учурда АКШ президенти Иран менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыктоодон баш тарткан.
Трамп Иранга келишимдин ордуна эмне сунуштай алары жөнүндөгү суроого жооп берип жатып: "Мен муну айта албайм, анткени ал өтө катаал. Мен аларды бомбалабайм", – деген.
2015-жылы Улуу Британия, Иран, Германия, Кытай, Россия, АКШ, Франция Иранга салынган санкцияларды алып салуу боюнча өзөктүк келишимге кол коюшкан. Бул үчүн Иран өзөктүк программасын чектеши керек болчу. АКШ Дональд Трамптын мурдагы президенттик мөөнөтүндө, 2018-жылдын май айында Ирандын өзөктүк программасы келишиминен чыгып, Тегеранга карата санкцияларды кайра киргизген. Иран буга жооп иретинде келишимдин алкагында каралган өздөрүнүн милдетин этап-этабы менен кыскартарын, тактап айтканда, өзөктүк изилдөөлөргө коюлган чектөөлөрдөн баш тартарын билдирген.
Мурдараак Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Тегеран өзөктүк курал жасоого аракеттенүүдө деген жүйөнү келтирип, буга байланыштуу АКШ Иранга басымды күчөтүшү керек деп билдирген.