Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова Зеленскийдин 18 жаштагыларды Куралдуу күчтөргө тартуу амалы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Владимир Зеленскийдин 18 жаштагы өспүрүмдөрдү Украинанын Куралдуу күчтөрүнө тартуу планына комментарий бергенин РИА Новости жазды.
Владимир Зеленский Reuters агенттигиндеги маегинде Киев 18 жаштагы балдарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнө "пайдалуу келишимдер" менен тартууну пландап жатканын, анын чоо-жайы жакынкы күндөрү ачыкка чыгарын айткан.
Мунун фонунда Захарова АКШ менен Украинанын Вашингтон тарабынан берилген финансылык жана аскердик жардамдын ордуна сейрек кездешүүчү металлдарды жеткирүү боюнча мүмкүн болгон келишимин эске салган.
"Келишимдин бир бөлүгү сейрек кездешүүчү металл — цинк үчүн арналган", — деп жазган ал Telegram каналында.
Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШ Украинадан Вашингтон көрсөткөн каржылык жана аскердик жардамдын ордуна кен байлыктарды жеткирүүгө кепилдик берерин күтүп жатканын билдирген.
Өз кезегинде Financial Times гезити Зеленскийге жакын адамдын берген маалыматына таянуу менен Киев жардам, колдоо үчүн АКШга сейрек кездешүүчү металлдарды жөнөтүүгө уруксат бергенин жазган.
Кийинчерээк Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак ресурстарды өткөрүп берүү темасы азырынча талкуулана электигин, бирок Киев келечекте Вашингтон менен стратегиялык өнөктөштүктү көздөй турганын билдирген.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ Украинага эч кандай жардам бербесе жаңжалды токтотууга салым кошо аларын белгилеген.
Былтыр жазда Зеленский Украинада мобилизация курагын 27 жаштан 25 жашка түшүргөн мыйзамга кол койгон. Кийинчерээк АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жейк Салливан Украина бийлиги мобилизация курагын 18 жашка чейин түшүрүү боюнча чечим кабыл алышы керектигин билдирген. 14-январда Зеленский Батыш өнөктөштөрүнүн мобилизация жашын төмөндөтүү чакырыгына жооп кылып, Украинанын Куралдуу күчтөрүн техника жана курал-жарак менен камсыз кылууну өтүнгөн.
Россия ТИМи Украинанын кен байлыгына көз арткандарга кеңеш берди