БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. 2025-жылы "Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы кайтарымсыз акчаны 150 миң сомго көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, министрликте ведомство жетекчиси Равшанбек Сабиров катышкан жыйын өтүп, анда 2025-жылга карата стратегиялык максаттар каралган.
"Социалдык келишим” маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Анын алкагында 100 миңден ашуун адамдын жашоо шарты жакшырууда. 2025-жылы долбоордун экинчи этабы пландаштырылууда, анда социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган", — деп жазылат маалыматта.
Министр Равшанбек Сабиров Ысык-Көл жана Ош облустарында 1000 адамга эсептелген заманбап реабилитациялык борборлор куруларын кошумчалаган.
Эске салсак, "Социалдык келишим" долбоору бийликтин жакырчылыкты жоюуга багытталган программасы болуп саналат. Анын алкагында аз камсыз үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон (кайтарымсыз) бир жолу мамлекеттен акча бөлүнөт. Ал акчаны алгандар чакан бизнес, иш ачышы керек.