MCN Coin криптовалютасы: Исрадин Субанбеков менен шериги камакка алынды

Камак. Архивдик сүрөт
Колго түшкөндөргө Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларын уюштуруу" беренеси боюнча иш козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. MCN Coin криптовалютасын түзүүгө шектүү Исрадин Субанбеков менен дагы бир киши камакка алынды.
Биринчи май райондук соту Субанбеков менен анын шериги М.Д.С. бөгөт чарасын тандап, тергөө аяктаганча 5-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Колго түшкөндөргө Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси ("Финансы пирамидаларын уюштуруу") боюнча иш козголгон.
MCN Coin уюштуруучуларынын бири Исрадин Субанбеков УКМК тарабынан кармалгандан кийин мунун баары алдамчылык экенин, элден алынган акчаны кайтарып бере албай турганын билдирген. Анын айтымында, МСN Coin криптовалютасынын иштегенине 1,5 жыл болгон. Өзүнүн туруктуу блокчейни жок, эптеп эле биржага кирип кеткен.
Ал ошондой эле криптовалютаны үч адам түзүп, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мурунку жетекчиси Юруслан Тойчубеков аларга кеп-кеңешин берип тургандыгын билдирген.
Ал эми Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы MCN Coin виртуалдык активи мамлекеттик каттоодон өтпөгөнүн, Кыргызстанда уруксат берилген виртуалдык активдердин реестринде да жок экенин белгилеген.
Криптовалюта MCN Coin
Акчаны кайтара албайбыз. УКМК кармаган MCN Coin уюштуруучусу элге кайрылды. Видео