БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук маселелерин караган комитеттеринин жана комиссияларынын жетекчилерине кезикти.
Жолугушуу 7-февралда Москвада өткөн.
Иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин элчилери жана уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышкан.
Анда 2024-жылдагы кызматташуунун негизги жыйынтыктары талкууланып, жамааттык коопсуздук тутумун мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттары, ошондой эле бирикменин ишмердүүлүгүнүн парламенттик чөйрөсүн жана тышкы саясатты координациялоону бекемдөө сүйлөшүлгөн.
Мындан сырткары, күн тартибиндеги эл аралык жана аймактык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болгон.