БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Гвинея-Бисау дипломатиялык мамилелерди түзгөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Биргелешкен коммюникеге өлкөлөрдүн БУУдагы туруктуу өкүлдөрү Аида Касымалиева менен Самба Санэ кол коюшкан.
Тараптар достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү ниетин билдиришкен.
Ошондой эле шайлануучу органдарга талапкерлерди өз ара колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. Белгилей кетсек, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууну пландоодо.
Гвинея-Бисау Батыш Африкада жайгашкан. Португалиянын мурдагы колониясы 1973-жылы көз карандысыздыкка ээ болгон.