Кыргызстанда 1-январга чейин кирген гана оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанга 2025-жылдын 1-январына чейин алып келинген оң рулдуу унаалар мыйзамдаштырылат, андан кийин киргендерге документ берилбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жобосу чыкканын Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, автоунаанын ээси мамлекеттик алымды төлөшү керек жана машинаны техпаспортто көрсөтүлгөн гана адам айдоого укуктуу.
Министрлик документи жок же качан алып келингени белгисиз болгон автоунааларды сатып албоону сунуштады.
Эске салсак, оң рулдуу унаалар 1-марттан тарта этаб-этабы менен мыйзамдаштырыла баштайт.
Алгач документтери бар автоунаалар, андан кийин документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унаалар катталат. Үчүнчү этапта документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет (тетик катары сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.).
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү