Бишкекте кароосуз калган унааларды эвакуатор жүктөп кетти. Сүрөт

Мэрия шаардыктарды унааны узак убакытка токтотконго болбой турганын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бишкекте кароосуз калган унааларды эвакуатор менен жүктөп кетишкенин мэрия кабарлады.
1 / 2

Бишкекте кароосуз калган унааларды эвакуатор менен жүктөп кетишкен

2 / 2

Кызматкерлер Волков көчөсүнүн Патрис Лумумбадан Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө узак убакыт бою токтоп турган алты унааны эвакуациялашкан

Кызматкерлер Волков көчөсүнүн Патрис Лумумбадан Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө узак убакыт бою токтоп турган алты унааны эвакуациялашкан.
Бул иштер коомдук жайларды бошотуу, тыгындарды алдын алуу жана айдоочулар менен жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жасалганы белгиленди.
Эвакуация алдында унаа ээлери менен техникалык тейлөө станциясынын кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү кошумчаланды.
Мэрия шаардыктарды унааны узак мөөнөткө токтотконго болбой турганын эскертти.
Бишкекте Циндао институту сунуштаган катализатор сыналууда