Акматбек Султан уулу кебинин башында боз үйдө жарык дүйнөгө келгенин, таенеси киндик эне болгонун баяндады. Айтымында, тоо койнунда, балалык оюндан алаксыткан сыналгы, уюлдук телефон жок кезде жомок, дастан угуп чоңойгон.
"Биздин бала кезде оюнчук деле болгон жок, машинага окшогон таштардын баарын сайдан терип келчүбүз. Ошол нерселердин баары адамдын элестетүүсүн, көз карашын өстүрөт экен да. Кино дагы көргөн жокпуз. Кытай менен Кыргызстандын чектешкен жеринде турабыз. Алыскы айылдарга кирет. Бизге электр энергиясы деле 2000-жылдарда эле келген", – деди ал.
Султан уулу андан ары атайын төкмө акын болуу үчүн Кыргызстанга келгенин, маркум Элмирбек Иманалиев аны жылуу тосуп алып, устат болгонун эскерди. Каарман кыргызстандык кызга үйлөнгөнүн, Кыргызстандын жарандыгын алгандыгын да айтып, келечеги Кыргызстан менен тыгыз байланыштуу экенин кошумчалады.