9-февралга карата аба ырайы

9-февралга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жекшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Талас аймактарында +2…+7, Ош, Жалал-Абад облустарында +6…+11, Баткенде +5…+10, Нарын өрөөнүндө 0...-5 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +3…+5, Ош шаарында +9...+11 градуска жетет.
Ышты 97%га зыянсыздандырат. Кыргыз инженери чыпка ойлоп тапты