Радио

Алибиева: 40 жаштан кийин офтальмологго сөзсүз кайрылуу керек

Офтальмолог Айжана Алибиева глаукома менен катаракта ооруларынын айырмачылыктарын, белгилерин, дарылоо жолдорун айтып берди.
Sputnik
Көздүн көрбөй калышына себеп болгон глаукома жана катаракта оорулары адамда ар кандай себептерден улам пайда болот. Бирок 40 жаштан ашкан адамдарда көбүрөөк кездешет. Бул тууралуу Айжана Алибиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адам 40 жашка чыккандан кийин сөзсүз офтальмологго кайрылып турушу керек.

"Өлкөдө глаукома жана катаракта дарттарына кабылгандар көбөйүп жатат. Бул оорулар көздүн көрүүсүн начарлатат. Мисалы, катарактада адам бир нерсени ачык же тунук көрбөй калат. Катарактаны көзгө арналган тамчылатма же көнүгүүлөр менен дарылоого болбойт. Бир гана жолу заманбап жана коопсуз технологиялардын жардамы менен баштапкы этапта эле операция жасоо керек. Операция болгону 15 мүнөткө созулат. Андан кийин бейтапта дароо көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок толук калыбына келүү бир айга созулат. Ал эми глаукома илдети көздүн ички кан басымынын (давление) тез-тез көтөрүлүшүнөн улам пайда болот. Көздүн ичиндеги басым жогорулаган сайын көрүү жөндөмү акырындык менен азаят. Ошондуктан бул оору кеч байкалат. Тамчылатма дары-дармек менен айыктыруу мүмкүн. Тилекке каршы, глаукома тукум куугандыктан ымыркайларда да кездешет. Бирок 40 жаштан ашкан адамдар көбүрөөк чалдыгат", — деди Алибиева.

Ал адамдар көрүүнү сактоо үчүн көздү тез-тез эс алдырып турууну жана жарыкта көп сейилдөө керектигин кошумчалады.