УКМК "Хизб ут-Тахрир" уюмунун Кыргызстандагы лидерлери кармалганын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун Кыргызстандагы лидерлери жана функционерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын арасында учурдагы жана мурдагы "масулалар" (лидерлер) жана алардын жардамчылары "мусоиддер" (бир аймакка жооптуулар), финансист бар.
Алар бир нече жылдан бери экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жактоочуларды тартуу, интернетте "жалган" аккаунттарды түзүү, ошондой эле жашыруун басмаканада материалдарды көчүрүү жана таратуу менен алектенишкенин айтып беришкен.
"Уюмду каржылоо үчүн республика боюнча мүчөлөрүнөн жыл сайын 7-8 миллион сомго жакын акча чогултуп турушкан. Каражат жогорку даражалуу функционерлерге ыйгарылып, алар акчаны өз каалоосу боюнча пайдаланышкан. Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу айылынын 61 жаштагы Ю.Н.Д. аттуу тургуну уюмдун Кыргызстандагы өкүлү болуп чет өлкөдө жүргөндө иштерди координациялаганы аныкталган. Ошондой эле чогулган каражат анын дарегине жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат Ю.Н.Д. аттуу жаранды эл аралык издөөгө алынганын кошумчалады.
Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ячейкасынын ишине бөгөт коюлду