БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайдын Харбин шаарындагы "Ябули" тоо лыжа курортун көрдү. Ал эс алуу жайынын видеосун дагы жарыялады.
Өлкө башчыны лыжа тебүү трассаларынын уюштурулушу жана жалпы эле инфратүзүмү кызыктырган.
"Ябули" Кытайдын спорттук тоо лыжа кыймылынын мекени экен. Дал ушул жерде массалык кышкы туризм пайда болуптур. Дүйнө жүзүндөгү эң узун жана эң бийик тоо лыжа трассалары бар. Анын ичинде 48 бурулушу бар 2680 метрлик трассаны белгилесе болот. "Ябули" тоо лыжа курорту 1996-жылы кышкы Азия оюндарын, 2009-жылы Кышкы универсиаданы кабыл алган. Мындан сырткары, Сноуборд боюнча дүйнө кубогу, Жаштар чемпионаты өңдүү эл аралык мелдештер дал ушул жерде өтүп турат экен. Кесипкөй спорттук лыжа тебүүчүлөр үчүн да, үйрөнчүктөр үчүн да өз-өзүнчө ыңгайлуу шарттар түзүлүптүр. Укмуш эми!" — деди Жапаров.
Ал Кыргызстанга да "Ябулидей" тоо лыжа комплекси куруларын кошумчалады.