БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Россияга кире турган жана өлкө аймагында жүргөн бардык чет элдик жарандар медициналык ырастоодон өтүшү керек. Бул тууралуу РФ Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылганын РИА Новости жазды.
"Медициналык ырастоодон өтүү талабы өлкөдө жүргөн чет элдиктерге, ошондой эле келген максатына карабастан ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, чет элдиктер бир катар оорудан оолак экенин жыл сайын тастыктап турушу кажет. ИИМ чет мамлекеттин жаранынан айланадагыларга кооптуулук жараткан инфекциялык илдет аныкталса өлкөдөн чыгарылып, Россияга ошол бойдон кире албастыгын белгилеген.
Ведомство медициналык ырастоодон өтүү талабынан Беларустун жарандары, 6 жашка чейинки балдар, дипломаттар, Россиядагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле консулдук мекемелердин кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана РФ аймагында аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлери бошотуларын айтты.
"Эгер чет элдик жаран турист катары келип Россияда үч айдан ашык жүрбөй турган болсо, медициналык ырастоодон өтүүнүн кажети жок", — дешти ИИМден.