БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстанда тукум курут болгон кундузду башка жактан алып келип көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кундуз боюнча жасалган изилдөөнүн жыйынтыгын талкуулаган жолугушуу болгон. Анда өлкөдө кундуз тукум курут болгону айтылып, буга алардын тамагы тартыш болгону түрткү болгону белгиленген.
Ошол эле учурда министрлик өлкөдө айрым дарыялар жетиштүү деңгээлде изилденбегенин, аларда кундуздун топтору сакталып калышы мүмкүн экенин божомолдоодо.
Мындан улам кундузду башка аймактардан алып келүү (реинтродукция) маселеси талкууланды. Ошондой эле аталган жаныбардын жоголушуна салым кошуп жаткан форель чарбаларынын маселеси көтөрүлдү.