БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстандык инженер Амантур Салымбаев мешке жагылган көмүр ышын тазалоочу фильтрди иштеп чыкты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Аталган ведомство менен Экологиялык мониторинг департаменти жүргүзгөн лабораториялык анализдер фильтр түтүндү көмүр кычкыл газынан жана башка зыяндуу заттардан 97 пайызга чейин тазалай аларын көрсөткөн.
"Фильтр энергия менен техникалык тейлөөнү талап кылбайт жана 5-6 жыл иштейт. Бул аны экономикалык да, экологиялык да жактан эң жеткиликтүү жана натыйжалуу чечимге айлантат. Учурда Бишкек, Нарын жана Беловодск айылындагы бир катар объектилерге ушул фильтрлер орнотулду", — деп айтылат маалыматта.
Инженердик ойлоп табуу Кыргызпатентте патенттелип жатканы кошумчаланды.