БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектин ортосунда акча алмаштыруучу жайдын кызматкерлерине кол салгандардын арасында чет элдиктер болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн жыйында ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.
Анын айтымында, кол салууга тиешелүүлөр аныкталып, издөөгө алынган.
"Милицияда кол салгандар кандай унаалар менен жүргөнү тууралуу бардык маалыматтар бар. Машиналар айып короого киргизилди. Шектүүлөрдүн арасында биздин жана чет өлкөнүн да жарандары бар. Учурда изделип жатат. Соттун чечими менен баары тең сыртынан камакка алынды", — деди Макилов.
Эске салсак, Бишкекте бычак менен куралданган бет капчандар адамдарды тоноп кеткен. Алардын 31 миллион рублден ашык акчасын алышкан. Жабыркагандар — Кыргызстандын жарандары. Алдын ала маалымат боюнча, алар долларды рублге алмаштырган.