БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери онкологиялык оорулуулардын дары-дармегин эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема уюштурушкан. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана башкы медайым К.А. эсептен чыгарылган дарылардын көлөмүн системалуу түрдө көбөйтүп, кийин рак менен ооруган жарандарга сатып жибергени аныкталган.
Учурда үч медик тең кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүрүүдө.