8-февралга карата аба ырайы

8-февралга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз күн ачык болгону менен жолдор тоңуп, тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө +2...+7, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7…+12 градус жылуу болот. Ал эми Нарын өрөөнүндө 0…-5 градус суук болушу ыктымал.
Күндүн табы борбор калаада +5…+7, Ош шаарында +10…+12 градуска жетет.
Министрлик: тукум курут болгон кундузду башка жактан алып келүү каралууда