Россиялык команданын курамына 225 спортчу кирген, бул өлкө тарыхындагы эң чоң көрсөткүч болгон. Медалдык эсепте да сап башына Россия чыккан.
Беларусь да кышкы Олимпиадага катышкандан берки эң мыкты жетишкендикти көрсөткөн. Спортчулар үйлөрүнө беш алтын, бир коло медаль менен кайтышкан.
Украиналык олимпиадачылар 20 жыл мурунку ийгилигин кайталап Оюндардан бир алтын, бир күмүш медаль алып кетишкен.
Латвиядан спорттун тогуз түрү боюнча 58 спортчу келген. Скелетон, бобслей жана чана спортунан күмүш жана коло байгелердин ээси болушкан.
Казакстандын курамасы 85 спортчудан куралган эле. Жалгыздап көркөм муз тебүү боюнча Денис Тен коло медаль тагынган. Спортчуну 2018-жылы 19-июлда автоуурулар өлтүрүп кетишкен.
Тема боюнча: