Былтыр өлкөгө геология жаатында чалгындоо иштерин жүргүзүүгө бюджеттен бир миллиард сом бөлүнгөн. Анын 70 пайызы техникаларды алуу жана башка иштетилгени айтылууда. Муну менен катар 2024-жылы тоо-кен ишканалары бюджетке 41,7 миллиард сом которушкан. Программанын жүрүшүндө Руслан Калилов аталган тармактын 2024-жылдагы аткарган иштери жана 2025-жылга карата коюлган пландар тууралуу кенен айтып берди. Кыргызстанда учурда сейрек кездешүүчү металлдарды да иштетүү жагы каралууда.