Закымдаган жашоо тынбай өзгөрүп, тынбай жаңыланып турат. Кыргыз эли мындай учурда “кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок” деп сыпаттап келген. Мезгил менен жарышып жашаган тармактардын бири бул билим берүү илим тармагы. Анткени доорго өзгөрүүлөр дал ушул тармак аркылуу келет. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында өлкөдөгү илим билим тууралуу тактап айтканда, Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маектештик. Анын алкагында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Россияга болгон иш сапары тууралуу, анда талкууланган темалар, жетишилген макулдашуулар жөнүндө кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева жана Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова жооп берди.