12 жылдык билим берүүгө өтүүдө мектепке чейинки даярдоо тайпалары жоюлабы?

Sputnik
Өлкөдө он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү концепциясын бекитилди. Ага ылайык, эми нөлүнчү-класс биринчи класс болот 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат. Мында окуу программалары баланын курагына жараша жөнөкөйлөштүрүлөт. Ал эми азыркы мектепке чейинки мекемелерде жана мектептерде “Наристе” программасын өткөн балдар мектептин 2-классына өтүшөт. Ошентип, бала мектепке 6 жаштан тартып бара баштайт.
Кийинки жылы бул программалар жоюларын “Күн башат” программасынын алкагында Билим берүү жана илим минимтрлигинин өкүлдөрү маалымдашты.